Убадалар менен курулган саясый карьера элибизге убаракерчиликти гана берүүдө

«Республика-Ата Журт» аттуу «кошмок» партиянын 1-июлда эле курултайы болуп өтүп, анда алдыда өтө турган президенттик шайлоого талапкер катары Өмүрбек Бабановду көрсөтүшкөнүн баарыбыз билдик. Кашайып, «ал талапкер болду» деген күндөн эки күн өтпөй эле «Бабановдун талапкерлиги легитимсиз» деп айтып чыккандар болду. Маселен, мына ушундай билдирүүнү адегенде «Ата Журт» партиясынын басма сөз кызматы, андан соң «Республика- Ата Журт» партиясынын саясый кеңешинин мүчөсү  Нурлан Шакиев, анан аталган партиянын тең-төрагасы Камчыбек Ташиев «»Республика- Ата Журт» партиясынын  саясый кеңешинин мүчөсү болсо да Бабанов  менен алар менен өзүнүн талапкерлигин коюу тууралуу маселени талкууламак турсун, кабарлап да койбоптур. «Эшеги суудан өткөндөн кийин» бир убакта «эч качан болүнбөйбүз» деген Ташиевди таптакыр этибарына албай калганы Бабановдун кандай адам экенинен кабар берип турат.

Бирок, биз бул ирет кепти башка жагынан алалы. 2010-жылдагы парламенттик шайлоодон бери карай Өмүрбек Токтогулович убада берүү жагынан азырынча алдына башка саясатчыны сала элек. Анан калса, кечээ жакында эле курултайда сүлөгөн сөзүн Дубай эмиринин 10 жыл мурдагы сүйлөгөн сөзүнөн көчүрүп алганы да белгилүү болду. «Элге 7% дан кредит берем» деп жүргөн эрен өзү Кыргыз-Орус өнүктүрүүу фондунан 17 млн доллар кредит алып алганы да өзүнчө кызык.

Кыргыз -Орус өнүктүрүү фондунан алган 17 млн долларлы Бабанов «айлантып» аткан жокпу?

Эсиңиздерде болсо керек, 2010-жылдагы парламенттик шайлоонун алдында «Республика» партиясы менен аттанган Ө.Бабанов «Мен 7% дан ипотека берем» деген убуданы бергени. Мынчалык кооз убаданы угуп көрелек жаныбыз, ипотека ала элек жатып эле кол чаап, ар кайсыл жолугушуулардан Бабановдун башына ак клпак кийгизип узатып атканбыз.

Анан ал акыры партиясы менен парламентке өттү. Бирок, баягыл 7% дык ипотека ууралуу дегеле ооз ачпай койду.Кокус ошол суроо берилип калса эле буйтап кетет. Ошентип ток этерин айтканда эч бир Кыргызстандык 7%дан кредит ала алган жок. Аргасы кеткен элибиз Бабановго берген добушун кайра ала албай, же сөксө үнү жетпей отуруп калган.

Анан бир нече ай мурун эле Өмүрбек мырзанын Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунан 17 млн доллар жеңилдетилген кредит алганын ММК булактары чуулатып жазып жиберишти. Көпчүлүк түшүнбөй эле калды. «Бабанов кредит алыптырбы же берип атыптырбы?»- деп да сурагандар болду. Көрсө ал кредитти алыптыр. Бул маселенин тегерегиндеги ызы-чууну н арты тыйылбай тургандыгын түшүнгөн Бабанов маалымат жыйынын өткөрүп , анан мындай деди:» 17 млн кредиттименин жакын тууганы алган. Ал менден Россия- Кыргызстан өнүктүрүу фондуна кайрылсам болобу деп сурады. Мен: «Албетте эмнеге болбосун? Рынок шартында гана»- деп жооп бердим. Мага белгилүү болгондой башка дагысоода борборлору ал жактан акча алышкан».

Анан ошол эле күнү анын «жакын тууганы» өзүнүн аялы Рита Бирбаева экендиги маалым болду. Көрсө Өмүкебиз аялын «жакын тууганым» деп эркелетип коет экен.Эгерде өлкөбүздөгү ар бир эркектин ушундай жакын тууганы бар экенин эске алганда, алардын үй-бүлөлүк бюджети бир эле боло турганын билебиз. Демек, ошондо Бабанов кредитти озү эле алган болуп атпайбы,туурабы?

Баса ошол 17 млн сомдук кредитти Бабанов эмнеге жумшаганы да кызык суроо. Өзүнүн банкы аркылуу аны майда-чүйдөгө бөлүп, кымбатыраак пайыз менен башкаларга кредит кылып берип аткан жок болду бекен? Ушуну бир текшерип көрсөк болчудай ээ?

Оболоп учкан убадалар «парады»

Бабановго бул жагынан бир дагы саясатчы тен келбейт, моюнга алыш керек. Эч бир саясатчы анчалык кооз убадаларга ишендире албайт. Ал эми Өмүрбек Токтогуловия көздөрүн бакырайта карап туруп эле алдап кое алат.Ишенип каласың. Бирок, арадан бир жыл өтүп-өтпөй эле алданганыңды сезесин. Анда кеч болуп калагн болот.Бирок, кайра кийинки шайлоо келгенде мурункуну эске алып, «эми алданбайм» дегениң менен Өмүрбек мырзанын көздөрүн карап туруп эле кайра алданасың.

Президенттикке аттанып аткан Бабанов бул ирет элге кандай убадаларды бергенине көңүл буралы. «Эгерде мен президент болсом, анда Кыргызстанды өнүг үп бараткан алдыңкы 10 өлкөнүн катарына кошом. 2020- жылга карата ар-бир кыргызстандык эки эсе байыйт»,- деди ал жалындуу сүйлөп. Кандай гана сонун убада туурабы? Алдыңкы өнүккөн   10 мамлекеттин катарына бир президенттик мөөнөттүн ичинде эле кошулуп калсак кана, аттиң. Маселен АКШ, Кытай, Япония, Франция Канада сыяктуу  мамлекеттердин катарына кошулуп калышыбыз керек болт да э туурабы? Бирок, реалдуу убадабы? Эгер ушул айтканына Бабанов кошо ишенсе, анда ага жетүүнүн конкреттүү жолдорун кош айтпайбы? Же  курулай кыялкечтик менен жетебиз деп турубу?

Баса, Кыргызстандын Конституциясы боюнча өлкө экономикасына президент эмес, премьер-министр  жооп бериши керек. Анда Бабанов кайсыл кызматка талапкер болуп атат? өлкөнүн экономикасы тууралуу сүйлөп атат го?

«Эгерде мен президент болсом, 2020-жылга чейин референдум аркылуу Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизип, президенттин же премьер-министрдин кызматын жоем»,- деген убадасын кандай түшүнөбүз? Эгерде ошол референдумда «президенттин кызматы жоюлсун» деген добуш көп берилсе Бабанов кызматынан кетип калабы?

Айтор, Бабанов мырза аткарылбай турган убадалар менен эч тартынбастан президенттик шайлоого баратат. Бирок, бул ирет эми элибиз талапкерлердин бал тилине эмес, жасаган ишине карап баа берип, анан өз добушун бериши керек. Болбосо, ар беш-алты жылда убадага «карк» тобп, анан алты жыл бою кесерип күтүп отура бергенден майнап чыкпайт экен.

Булак: Майдан.кж

Аргумент.kg
Жооп калтыруу