Төш чоңойтуу башталды…

«Нон-Стоптун»ырчысы Чолпон Талипбекова төшүн чоңойтуп, «операция» кылгандыгы тууралуу кабар, социалдык тармакка киргендердин бир тобун дүрбөлөңгө салып койду. Чолпон ырчыныкы «Зере» жасаган кадамга  окшошуп кетет. Буга чейин бир топтору деле төштөрүн чоңойткон экен. Бирок, эч кимиси Чолпонго окшоп ачыкка жарыялаган эмес. Эми ырчы,  кыз -келиндер коркпой эле койсо болот. Чоң төштүү болгусу келгендер ачык эле жарыялап, пиар акцияларды жасап алсаңар болот өңдөнөт. Анткени, инстаграмда «миллион» топтоп, тойлордо чачтан сүйрөп чыккан  мода деле болбой калды окшойт. Эми, төшү да, таланты да чектелүүлөр катарга туруп кезек күткүлө. Жөн эле чоңойтпостон аныңарды сөзсүз жарыялап койгула. Балким ошондо төшүңөргө кошо талантыңар да ташкындап чыгаар.

БУЛАК:argument.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу