Төрөбай Зулпукаров: “Президент таркаса таркасын деген пикирге кошулуп, кол коюп берип коюшу мүмкүн”

Бакыт Төрөбаев тарап кетели деп сунуш берсе, президент дагы тарап кеткиле деген сунушун берди.

Өзү процедура боюнча Жогорку Кеңеш үч учурда таркайт. Биринчиси коалицияны 3 жолу түзө албай калганда, экинчи өзүн-өзү таркатуу менен тарайт. Бул 80 депутаттын макул болгон колу, добушу менен тарайт. Үчүнчүсү Жогорку Кеңеш Өкмөткө ишеним көрсөтпөө жөнүндө маселени койгондо президентке барат. Президент же өкмөттү таркатат, болбосо парламентти таркатат.

Азыр ушундай сөздөр жүрүп жатат. Өзүн-өзү таркатуу боюнча маселе көтөрүлүп, кокустан депутат катары сунуш кылса, президент таркаса таркасын деген пикирге кошулуп, кол коюп берип коюшу мүмкүн. Жогорку Кеңеш эмне үчүн таркашы керектигин конкреттүү фактылар менен аныктап, анын баары негиздүү болсо колдоп берем.

 

Булак: nazarnews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу