Төрөбай Зулпукаров, КСДП депутаты: “Сапар Исаков, Иса Өмүркулов, Сооронбай Жээнбе­ков өндүү талапкерлердин атын атоодо”

Төрөбай мырза, жакында, 19-майда съезд болот экен. Анда Сапар Исаков, Сооронбай Жээнбеков, Иса Өмүркуловдордун талапкерлиги каралат деп жатышат. Сайттар да жазып чыкты. Канчалык деңгээлде чындыгы бар?

-Өзүм саясый кеңештин мүчөсүмүн, бирок, 19- майда съезд болорун сизден угуп жатам.

-Демек, жалганбы?

-Эми жалган, жалган эмес дей албайм. Мүмкүн, мага маалымат кечирээк жетип калгандыр. Саясый кеңеш күн тартибинде съезддин качан болорун карай элек.

-Негизи качан болот?

-Мыйзам боюнча ЖК президенттик шайлоону 4 айга чейин аныктап коюшу керек. Азыр мисалы 15-октябрда боло турган болсо, 15-июнга чейин Президенттик шайлоону аныктоо ке­рек. КСДП эски партия, жергиликтүү кеңештерде толук кандуу катышып, уткан партия, башка партиялардан айрымаланып, Кыргызстандын 4 бурчунда өз командасы стабилдүү иштеп жаткан партиялардын бири. Ошондуктан, КСДП кайсы талапкерге токтолоруна көбү кызыгып турат.

-Талапкерлер тууралуу эмне айтасыз?

-Коомчулук Сапар Исаков, Иса Өмүркулов,Сооронбай Жээнбе­ков өндүү талапкерлердин атын атоодо. Бирок, талапкерлерди жалгыз мен аныктабайм. Ал сая­сый кеңеште каралат, анан съездде бекитилет.

-Жеке көз карашыңызда ушу үчөөнүн кимисин татыктуу деп айталасыз?

-Жеке көз карашта үчөө тең татыктуу. Эл аралык мамиледе, жашы боюнча, токтоолугу жагынан да.

-Сапар Исаковго Акаевден берки басканын айтып, көп сындар айтылууда. Эми ушул номер өтөбү?

-Эми ММК тарабынан албетте айтылат. Эгер, кайсы кишиге сын- пикир көбүрөөк айтылса, ал киши алдыда экени билинип турат. Акаев учурунда С.Исаков деген жигитти тааныбаптырмын. Же эксперт болуп иштеши мүмкүн. Эгер, андай түшүнүк менен кете турган болсок, анда башка мамлекеттен же планетадан тандап келип коюшубуз керек. Мыйзам боюнча Кыргыз Республикасына Президент боло турган киши Кыргыз мамлекетинде 15 жылдан кем эмес жашашы керек.

-Кайсы киши көп сындалса, ал киши күчтүү деп жатпайсызбы? Сиз деле көрүп жатасыз, ММК деле жөн жерден жаза бербейт. Сиздердин араңардан эле чыккан маалымат жазылат. Негитивный маалымат кетип жатса, Исаков кандайча күчтүү болот?

-Маалыматтын баарын эле азыр чындык деп айталбайбыз. Сөз эркиндигине жетишкендигибиз менен анын маданиятын түшүнө албай жатабыз. Ошондуктан, саясатчылардын өздөрүнүн сайттары, гезиттери бар. Кээ бир капчыктууларынын телевидениелери бар. Ошонун негизинде, алар бүгүнкү саясый күрөштө каалагандай сүйлөп, жамандоо кадыресе болуп калды. Периштедей аппак кишини көрсөт десе, бир журналист же депутат да көрсөтө албай калбадыбы. Себеби, саясатчылар сөз эркиндигин саясый курал катары колдонуп жатат. Ошол себептен, сын-пикир кимге көп айтылса — ал алдыда. Оппоненттер ошондой кылууда.

Булак: Багыт.кж

Аргумент.kg
Жооп калтыруу