Төрөбаев түз бараткан жолунан мүдүрүлдүбү?

Өмүрбек Бабанов анык эр экен. Тигил жагын да, бул жагын да жайгарып жатат. Мына 16-сентябрда Өзгөндөгү жолугушууда премьер-министрлик кызматты жоем деп айтып, бир күн өтпөй, 17-сентябрда Жалал-Абадда Бакыт Төрөбаев менен тандем түзгөнүн кабарлап, премьер-министр кылам деп жар салды. Коомчулук кайсыл бир сөзүнө ишенерин билбей маң болду. Кызыгы, премьер-министрлик кызматтын кереги бар же жок экенин эл референдумда чечет.

Анан кантип Бабанов айтканын аткара алат? Каратып туруп эки жакты бирдей алдап жатат. Саясый абалды, Конституциялык мыйзамдарды түшүнүп туруп Бакыт Төрөбаев мурдунан чүлүктөтүп алганы кызык болууда. Саясый лидер катары жетилип, бышып калды деп жүрсөк, дагу деле мурдунун суусун тарта албаган көптүн бири тура. Бул жагынан Бабанов чыныгы саясатчы экен. Төрөбаевдин 2010-жылы “далысына бычак сайып” кеткендеги өчүн эми алганы калды көрүнөт. Эл деле күбө болоттур, “Бабанов Төрөбаевди сууга алып барып сугарбай алып келет”…

Булак: «Фабула»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу