Төрөбаев: Конституциядан мурда саясий маданияттуулукту өзгөртөлү

Жогорку Кеңештин депутаты, “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев 26-декабрдагы парламент жыйынында Баш мыйзамды өзгөртүү тууралуу сунуштарга оюн билдирди. Ал Конституцияны өзгөрткөндүн ордуна экономикалык, инвестициялык программаларды сунуштоого үндөдү.

— Баш мыйзамды өзгөрткөндүн ордуна балким жан дүйнөбүздү, жүрөгүбүздү, ой жүгүртүүбүздү жана саясий маданияттуулугубузду өзгөртпөйлүбү. Конституциядагы зарыл болгон нормаларды өзгөртүүгө 2020-жылдан кийин Жогорку Кеңештин толук укугу болот. Баш мыйзамды өзгөртүү зарыл десе, элдин каалоосунун негизинде референдум аркылуу бизге кандай мамлекеттик башкаруу керек, ошону биринчи кезекте чечип алалы.

Төрөбаев анын негизинде парламенттик же президенттик башкаруу формасын аныктап, жоопкерчиликти бир киши ала тургандай шарт түзүлүшү керек деп эсептейт.

Конституциялык реформа боюнча талап 24-ноябрда президенттин бир жылдык ишмердигине арналган курултайда көтөрүлгөн. Анын уюштуруучуларынын бири Азимбек Бекназаров эгер президент Баш мыйзамды өзгөртүү жана Кумтөрдү мамлекетке өткөрүү боюнча аракетти кийинки жылдын 7-апрелине чейин баштабаса, элдик демилге катары кол топтоо баштала турганын эскерткен.

Конституцияны өзгөртүү боюнча пикирлер Жогорку Кеңештин түзүлгөнүнүн 80 жылдыгына карата уюштурулган илимий жыйында да көтөрүлгөн. Анда президент Сооронбай Жээнбеков «Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн зарылдыгы жок» деген пикирин билдирген. Жыйынга катышкан «легендарлуу парламенттин» төрагасы болгон Медеткан Шеримкулов Баш мыйзамды өзгөртүүгө эң ыңгайлуу учур келгенин белгилеген.

Булак: Азаттык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу