Төрөбаев “Кайра Жаралуу” партиясы эмнеге түзүлбөй клгандыгын айтты

Камчыбек Ташиев, Адахан Мадумаров, Бакыт Төрөбаев, Ахматбек Келдибековдор
биригип, жаңы партия түзүшөөрүн жар салышкан. Кийинчерээк, алар партиянын
аталышына конкурс жарыялап, “Кайра Жаралуу” деген атка токтолушуп, партияга ат
койгон жаранга уюлдук телефон дагы белек кылышкан.
Алар, 11-сентябрь күнү жаңы партия өзүнүн курултайын өткөрүп, бирдиктүү талапкерди алып
чыгышаарын айтышкан.
Бүгүн, “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын лидери, президенттикке талапкер Бакыт Төрөбаев, Камчыбек
Ташиевдин КСДПнын талапкери Сооронбай Жээнбековду колдоп кеткендигине байланыштуу, партия
түзүлбөй калгандыгын билдирди.

Булак: fakt.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу