Төрөбаев: Дача-СУга кулаган учактагы жүктүн ээси ким?

11-октябрда парламенттин жыйынында “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев Дача-СУга кулаган учак маселесин көтөрүп, кырсыктын айрым жагдайлары ачыкталбай, жүргүнчүлөрдүн саны, куткаруучулардын кечиккени, жүктүн ээси боюнча ар кандай кептер бар экенин айтты.

— Учакта кимдин жүгү болгон? Бул боюнча ар кандай сөздөр чыккан. Ошол боюнча иликтөө болуп жатабы, жыйынтыгы чыгабы? Ушул суроолорго, айтылып жаткан фактыларга көңүл буруп койсоңор.

Буга Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматтын өкүлдөрү фактыларды тактап, маалымат берилерин айтышты.

Буга чейин транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов “Манас” аэропортунун жанында кулаган “Боинг” учагында «Кыргызстандын жарандарынын жүгү болгон эмес» деп билдирген.

Былтыр 16-январда түркиялык «Боинг-747-400» жүк учагы Бишкектин четиндеги Дача-СУ айылына кулаган. Анда жергиликтүү 35 тургун, төрт учкуч каза болуп, бир топ турак жай кыйраган.

Маалыматтарга караганда, Гонконг–Бишкек-Стамбул багытында бараткан учакта 85 тоннадан ашык жүк болгон жана ал Бишкекке май куюш үчүн конуп жатканы айтылган.

Учактагы жүктөрдүн арасынан кыргыз тилиндеги нускамалар табылганы көптөгөн суроолорду жараткан.

Булак: Азаттык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу