Төрөбаевдин партиясы ит сыяктуу ыркырашууда.

Атасынын кадыры менен алкышка татып, акыркы жылдары ташы өйдөгө карай кулап жаткан Бакыт Төрөбаевдин шайлоодон кийинки абалы мышык ыйлар деңгээлге чейин түшүп, баркы кетти. Үгүт маалында колтукташкан досторунун бири качып, экинчиси камалды.

Өзү кара башын калкалап калганы менен кадыры кумга сиңип, партиясынын аброю дагы нөлгө түштү. Баштан оомат тайганын ушундан билиңиз, жандап жүргөн кишилерине чейин каршы чыгып, фракциясы эки топко бөлүндү. Учур­да ит сыяктуу ыркырашууда. Акчалуулар башка партияны жандай чапканы турушат.

Ал эми Төрөбаевди туу туткан жалгыз Мирлан Баки­ров менен Тынчтык Шайназаров калды. Кыскасы, эмки шайлоодо «Өнүгүү-Прогресстин» аты-жыты билинбей чаңда калып, тарых бүктөмүндө бүктөлгөн боюнча калат окшойт. Суук тумшук иттей чекеге сүрүлүп баштады.

Булак: «Де-Факто»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу