Төрт аялы менен чогу жашаган пенсионер

Кыргыз коомчулугунда эки аял алууну мыйзамдаштыруу кызуу талкууга түшүп, коомчулук эки тарапка бөлүнүп социалдык тармактарда бир бири менен урушуп талашып, ал талкуу токтоп калгандай. Мындай көрүнүш Казакстанда дагы талкууга көп
түшкөн көрүнүш.
Казакстанда төрт аял алып, жети кыз бир уулу тарбиялаган киши жашоосу тууралуу NUR.KZ порталына айтып бериптир.
Алма-Ата облусунун Үшконыр айылынын тургундары Абытаетердин үй-бүлөсүн жакшы таанышат. Үй- бүлөнүн башчысынын төрт жубайы бар. Сейиткалы мырза жаш кезинен көп аял алууну кыялданганын айтат.

1977-жылы байбичем Балсарага үйлөндүм. Бирок мен байбичеме кийин дагы аял аламын, ошого
макул болсоң турмуш куралы деп айттым. Чын жүрөгүнөн үйгөн окшойт. Бат эле макулдугун берди.”,
дейт Сейтикалы мырза.

1982-жылы 33 жашында 18 жаштагы Эркин аттуу кызды экинчи аял кылып алган.

Үчүнчү жубайы Ырысгүлгө 50гө жакындап калганда үйлөнгөн.
Ырысгүл менин жээнимдин жубайы болчу. Жээним каза болгондон кийин, ал бир кызы менен калып
калды. Баланы жалдыратып, келинди төркүнүно жибербей эле мен өзүм үчүнчү аял кылып алдым.
Азыр жээнимдин кызын өз кызымдай көрөм.”

Төртүнчү токолу Ботокөздү Сейиткалы Ыбытаев 53 жашка чыкканда ооруканада көрүп калып сүйүп
калган. Ботокөз өзү макул болсо дагы, ата-энеси каршы болушкан. Ботокөздүн эжеси ортого түшүп
жатып, алар баш кошушкан.
Элдин баары бай болгондуктан төрт аял алды деп ойлошот. Менин ашынган байлыгым жок. Менин
байлыгым төрт аялым. Менин айтаарым биримдик, ынтымак болгон жерде береке болот. Биз элдин
алдына чыгып кетпей, элден калып калбай орточо эле жашайбыз”, дейт Сейиткалы мырза.
Аксакалдын үч аялы дарыгер, бир аялы бухгалтер болуп иштешет.

fakt.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу