Төраганын үзөңгүдөн буту тайса ордун ким ээлейт?

Элибизде «ооздон жаңылган турбайт, буттан чалынган турат» деген таасын айтылган макал бар. Демек, эмне ойду айтып жатканыңды эрөөн-терөөн көрбөй шалп эттирип сүйлөп койгондон этиятташ керек. Өзгөчө бийликтин жогорку сересиндеги жетекчилер эл алдында сүйлөгөндө ар бир сөздү таразалап айтууга тийиш.

Тилекке каршы, биздин чоңдордо сүйлөгөн сөзгө маани бергендер аз. Айрымдарынын болгон деңгээли, сүйлөгөн сөзү аркылуу көрүнөт. Мына Жогорку Кеңештин төрагасы дин ишмерлерине кулдук урган сезим менен «муфтияттын айтканын уксак өнүгөбүз» деп коомчулуктун сынына кабылып, төө бастыга алынды. Акыл көрөңгөсү, билими, ой-жүгүртүү деңгээли чектелүү экени айкын болду. Жумабековдун жосунсуз жоругунан уялыштыбы же мурда эле «мавр өз ишин аткарды» деген чечим болгонбу, эл өкүлдөрү ишин баштагандан көп өтпөй  төраганы иштен алып, жаңысын шайлаганы турушат.

Жогорку Кеңештин эки тизгин, бир чылбыры  Иса Өмүркуловго тиери айтылып жатат. Бирок президентке таасири күч адамдар тарабынан бут тосуулар болуп жатканы маалым болду. Дал ушул төрагалык кызматка жетиш үчүн экс-президент Алмазбек Атамбаевден жүз буруп кетти эле. Төрага болбой калса Иса мырза эмне арга кылаар экен?

Булак: “Фабула”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу