Төраганын пикири талаш жаратты

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков Анталиядагы жолугушууда Мамдуманын төрагасы Вячеслав Володинге: «Биздин Россиясыз бир нерсе кылышыбыз кыйын, экономикабыз да аларга байланган. Биз аны дайыма сезип турабыз. Биз муну ачык эле айтабыз», – деп билдирип, Кыргызстан Кремлдин жардамына жана колдоосуна таянаарын жар салды. Төраганын мындай пикири коомдо кызуу талаш-тартыш жаратты. Айрымдар спикер ачыгын айтып жатканын, Кыргызстан Россия менен тыгыз иш алып барууга муктаж экенин айтышса, кээ бирлер биздин өлкө жетекчилери ар дайым тышкы саясатты кулчулук сезим менен жүргүзөт деп сындашты.

Булак: «Фабула»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу