Төмөнкү үч жемиш сиздин иммунитетиңизди бекемдейт!

Учурда аба ырайы сууктап, ар кандай вирустук оорулар күчөгөн убак. Дал ушул учурда иммунитетибизди бекемдеш үчүн төмөнкү үч жемишти калтырбай жеп туруңуз.

1.Чычырканак

Чычырканактын курамы абдан витаминге бай. Анда гриппке каршы курамында эң көп витамин Cны кездештире алабыз. Алгач чычырканакты майдалап алып, ага теңме-тең зайтун майын куябыз. Эми бул аралашманы кайнап жаткан суунун буусуна 30 мүнөт кармап турабыз. Даяр болгон аралашманы эртең менен ач карын бир чай кашыктан ичип турсаңыз, иммунитетиңизди бекемдеп турууга жардам бермекчи.

2.Калина (гүлдүн түрү)

Калина айымдардын жемиши деп атоого болот. Себеби, анын курамында аялзатына керектүү гормондор бар. Мисалга, калинаны керектүү өлчөмдө алып, ага кайнак суу куюп 20 мүнөт демдеп коёбуз. Даяр болгон соң каалаганча бал кошуп иче беребиз. Мындай чай сиздин иммунитетиңизди сөзсүз бекемдейт.

3.Анар

Бир жумада жок дегенде эки даана анар жеп туруу керек. Анар жемиши бир гана иммунитетти бекемдебестен, аз кандуулуктун дагы алдын алат.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу