Төмөнкү зыян адаттардан арылыңыз!

Албетте, зыяндуу ататтардан арылуу абдан эле кыйын. А бирок узак өмүр сүрүп, ден соолукту ойлогонубузда, алардан сөзсүз арылууга аракеттенебиз. Окумуштуулар таттууну жана газдалган тамак-ашты көп колдонгондор эрте өлүмгө себеп болуп жаткандыгын изилдеп чыгышты. Биздин жашообузду кыскарткан төмөнкү беш зыян адатты сизге сунуш кылабыз.

Газдалган суусундуктар жана кайра иштелип чыккан тамак-аштар

34 жыл бою 118 миң адамдын катышуусу менен жүргүзүлгөн изилдөө боюнча: Кола сыяктуу газдалган суусундуктар жүрөк оорусуна себеп болуп, эрте өлүмгө алып келери аныкталды. Жашоону узарткан бул мөмө-жемиштер, жашылча-жемиштер болуп саналат. Эң зыяндуу болуп, эттен жана таттуулардан кайра иштетилип чыккан тамак-аштар болуп саналат.

Тамеки

Тамеки чегүү ден соолукка абдан зыян болуп саналат. Ал диабет, боор жана өнөкөткө айланган бронхит оорулардын башкы душманы болуп саналат.

Кыймылсыздык

Көп убакытка чейин кыймылсыз бир орунда отура берүү ден соолукка зыян. Ордубуздан туруп бир аз болсо дагы көнүгүү жасап коюу мээнин иштөөсүн жакшыртат. Башкача айтканда, көнүгүү жасоо мээнин иштөөсүн жакшыртып, кубат берет.

Абдан арык жана абдан семиз болуу

Изилдөөлөр боюнча абдан арык жана абдан семиз адамдар эрте өлүмгө себеп болот. Ал үчүн адистер биздин салмагыбыз боюбузга жараша болгон жакшы экендигин эскертет.

Ашыкча алкогол колдонуу

Мында да адистердин изилдөөлөрү боюнча, аптасына аялдар алкоголдук ичимдикти сегиз стакандан ашыкча колдонсо, эркектер 15 стакандан ашыкча колдоно турган болсо, эрте өлүм рискине учурайт.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу