Сүрөт — Ырчы кыздар бири-бирин тууроону качан токтотушат?

 

Эл оозунда “Кыргыз шоу-бизнесинде нормалдуу ырчы кыздар жок. Ырчы кыздарыбыз кызыксыз. Баары окшош” деп айтылган кептерге толук кошула турган болдум. Себеби, ырчы кыздарга көз салып олтуруп мындай деген жыйынтыкка келдим. Өткөндө уккулуктуу үнү бар ырчы Сайкал Садыбакасова чачын кырктырып, жыйынтыгы жакшы болгонун сулуулук салондордун биринен көргөн элем.

Андан соң андай чач кыркымды атасынын жолун жолдогон Айпери Кубик кызынан, “Сарышка” лакап аты бар Назгүл Токтакуновадан көрдүм. “Ушундай да окшоштук болобу?” деп таң калдым… Андан эки жума узабай элден калып калгансып үнү жок ырчы кыз Асель Кадырбекова да кыркттырып алыптыр. “Бул эмнеси эми? Ырчы кыздарыбыз эмнеге бири-бирин туурашат? Ойлорунда идея жокпу?” деген чеги жок суроолор сөзсүз жаралат экен. Бири-бирине коёндой окшош ырчы кыздарыбызды сахнадан көргөндөр эми айырмалай албай кыйналышпаса болду. Ал эми ырчы кыздардын окшош чач жасалгалары кимисине мыкты жарашкан аны окурмандар сиздер чечсиздер!

Аруужан Булекбаева, NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу