Түшкү уйкунун ден-соолукка пайдасы канчалык?

Түштөн кийинки уктап, эс алуу көпчүлүк адамдын адатына айланган. Бул ден-соолукка канчалык таасирин тийгизет? Айрым психологдордун айтымында, күндүз бираз болсо да уктап эс алуу, стрессти азайтып, жумуш жөндөмдүүлүгүн арттырат экен.

Гарвард университетинин окумуштуусу Билл Энтони он жылдан бери күндүзгү уйкунун феноменин изилдеп келет. Анын жыйынтыгында, күндүзгү уйку мээни эс алдырып, анын клеткаларын калыбына келтирүүгө жардам берет деген тыянакка келген. Ошондой эле организм эс алып, кабыл алуу жөмдөмдүүлүгүбүз артат. Ийгиликке бат жетип, жумушту мыкты аткарууга жардам берет.

Убагында Архимеджана Гюгода дайыма күндүз уктап, эс алууга жетишкен. Ким билет, балким дал ошол уйку алардын акылдуу, окумуштуу болуп чыгуусуна таасирин тийгизген. Көпкө чейин уктоого да болбойт. Себеби ал организмди зыяндуулукка алып келет. Чыгыш элинин философиясы боюнча: Организмиңиз эменени талап кылып жатса, ошону аткаруу керек экен. Мына ушул узак жашоонун ачкычы болуп саналат.

Ал эми Япония жана Кытай өлкөлөрүнөн жумушта атайын эс алуучу өзүнчө бөлмөлөрдү кездештирүүгө болот. Бул ыкма менен алар жумушчулары натыйжалуу иш аткарууга жетишет, деп ойлошот.

БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу