Түрк элчиси: Кыргызстан менен Түркия кызматташтыгынын жаңы доору башталды

Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат 10-сентябрда Бишкекте түрк президенти Режеп Тайып Эрдогандын сапарынын жыйынтыгы тууралуу маалымат жыйын өткөрдү. Ал Эрдогандын Кыргызстанга сапары абдан ийгиликтүү өткөнүн, 12 документке кол коюлганын айтты.

Фыраттын билдирүүсүндө, тараптар экономика, өнөр жай, аскердик, билим берүү, маданият тармагында кызматташтыкты жакшыртууну макулдашты. Учурда 500 миллион долларды түзгөн эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүүнү 1 миллиард долларга жеткирүү, туризм, аймактарды өнүктүрүү жаатында инвестиция тартуу боюнча сүйлөшүүлөр болду.

Фырат түрк президентинин сапарынын жыйынтыгында «Манас» университетине медицина жана юридикалык факультеттерди ачуу боюнча иштер башталганын белгиледи.

«Маариф» фондунун Кыргызстандагы иши тууралуу меморандумга кол коюлганын эске салып, эми аталган фонддун окуу жайлары Кыргызстанда да иштей баштай турганын маалымдады.

Режеп Тайып Эрдоган Кыргызстанга сентябрдын башында келип кеткен.

Булак: Азаттык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу