Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган Кыргыз өлкөсүнө расмий иш сапары менен келет

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Кыргыз өлкөсүнө расмий иш сапары менен келет. Бул тууралуу өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков Жалал-Абад облусунда эл менен жолугушуу учурунда билдирди.

Маалыматка караганда, анын сапары сентябрдын башында орун алат.

«Режеп Тайып Эрдогандын Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына коңшу өлкөлөрдүн башчылары менен бирге катышары күтүлүүдө», — деди Жээнбеков.

Түрк лидери Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык уюмунун VI саммитине катышып, Сооронбай Жээнбеков менен жолугушуу өткөрөрү белгилүү болду. Бул маалыматты Түркия тарап да тастыктаган.

Булак: Super.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу