Түрк ишкеринен бриллиант шакек алган эки журналист кыздын атына видеотасма келди

Мындан бир нече ай мурун Кыргызстанга белгилүү, алып баруучу, актриса жана журналистика тармагында эмгектенгендер, Түркиядагы ишкерлер менен мамиле кылып, акча алып пайдаланып, ал тургай ак чачтуу, сары тиштүү жашы өтүп калган бизнесмендерге ат арытып, жол карытып барып келип жүргөндөрү маалым болду”, деп жазган элек.

“Мындай алып караганда бирөөнүн жеке турмушу деңизчи. Бирок, кыргыз элине белгилүү айымдар, минтип ак чачтуулардын акча үчүн алдына барып, ал тургай аларды “аркадашым ашыгым”, деп алдап «бриллиант» шакек таккандар бар экендигин коомчулукка билдирүү керек. Мындай Түрк ишкерлери менен байланыш кылып, акчасын алгандардын баарын ачыкка чыгаруу зарыл. Антпесе алар жалпы кыргыз кыздарынын аброюна шек келтирүүдө», — дейт азырынча атын атагысы келбеген жаран кабарлаган.

Так ошол Түркиянын “С” аттуу жаранынан видео КАЙРЫЛУУ келип түштү. Кайрылууда 2 журналист кыздын Түркияга барып, ага короткон акчаларын жана бриллиант шакегин жана акчаларын кайра кайтарып берүүнү өтүнгөн.

Таң калычтуусу, мындай сыртынан караганда ток пейилдей көрүнгөн татынакай кыздарыбыз, 60 жаштан ашып калган “С” аттуу бизнесменге ашык болгонуна же ортодо “сүйүү” бар экенине эч ким толугу менен ишенбейт. Кыйынчылыктан, акчанын азабы дейин десек, иштеген иши бар. “Кара курсак, беш бармак жесең деле тоёт, атала ичсең деле тоёт”, деп илгерки ата-бабаларыбыз айткандай, анчалык тиги 3 аты бар айымдар, акчалуу абышкаларга эмнеге муктаж болгону азырынча белгисиз…же сөзсүз «бриллиант» шакек тагуу шартпы?…

Баса, жакын арада Түркиянын бизнесмени маалымат жыйын өткөрүшү мүмкүн. Бриллиант шакегин берип койгулачы кыздар, түлкүнүн териси – ичик болбойт.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу