Түркия президенти Эрдоган айт намазын окуп жатканда эси ооп жыгылды

Түрк лидери диабетке байланыштуу кан басымы көтөрүлүп кеткенин айткан.

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Орозо айт күнү мечитте намаз окуп жатканда эси ооп кулаган. Бул тууралуу Hurriyet гезити жазып чыкты.

Маалыматка караганда, түрк лидери 25-июнда майрамдык айт намазы учурунда өзүн жаман сезген.

«Диабетке байланыштуу кан басымым көтөрүлүп кетти. Азыр менде баары жакшы», — деп мамлекет башчысы кийин өзү билдирген.

Эрдоган эс учун жоготкондо ага жансакчылары чуркап келген. Бир аз убакыттан кийин Тез жардам кызматы келип, жардам көрсөткөн. Мечитке журналисттер киргизилген эмес. Президент намазга жыгылуу аяктагандан кийин гана интервью берген.

Булак: Спутник

Аргумент.kg
Жооп калтыруу