ТҮРКИЯ ЖАРАНЫ КЫРГЫЗСТАНГА ЖАСАЛМА ПАСПОРТ МЕНЕН КИРҮҮГӨ АРАКЕТ КЫЛГАН

Түркия жараны Кыргызстанга Орусиянын жасалма паспорту менен кирүүгө аракет кылган. Бул тууралуу чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 26-майда “Ак-Тилек унаа жол” өткөрүү пунктунда чек араны бузганы үчүн түркиялык жаран кармалган.

Паспорттук текшерүү учурунда 1979-жылы туулган О.Ч. чек арачыларга Орусиянын жасалма паспортун көрсөткөн. Ал Казакстандан Кыргызстанга келе жаткан.

Тиешелүү документтер толтурулган соң ал ИИМдин аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

Булак: Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу