Түркиянын чек арасындагы унаанын багажынан кыргызстандык аял табылды

Түркиянын чек арасындагы унаанын жүк салынуучу бөлүгүнөн (багаж) кыргызстандык аял табылды. Бул тууралуу Нaberler.com маалымдады.
Маалыматка караганда, контрабандага шектелип Грузиянын жаранынын унаасы токтотулуп, текшерүүгө алынган. Анын жүрүшүндө унаанын жүк салынуучу бөлүгүнөн кыргызстандык 28 жаштагы аял табылган. Ал Түркияга кирүүгө аракет кылган. Кармалган аял депортацияланат.

Булак: Turmush.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу