Түркиянын президенти менен канайымы Кыргызстанга сапарын жылуу эскеришти

Түркия Республикасынын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен канайымы Эмине ЭрдоганКыргызстанга болгон саякатынан алган таасирлери менен социалдык тармактар аркылуу бөлүштү.

Режеп Тайип Эрдоган фейсбуктагы расмий баракчасында Кыргызстандагы сапарында аткарган иш-аракеттерин кыскача баяндаган.

“Кыргызстанга болгон сапарда учурдагы маанилүү делген бүт темаларды карап чыктык. ФЕТО менен күрөшүудө биргелешип иш алып барууну сүйлөштүк. Көптөгөн темаларда көз караштарыбыз бирдей болгону байкалды.Бишкек шаарында маданий байланышты өнүктүрүүгө себеп болуучу борбордук “Имам Серахси” мечитинин ачылуу аземин өткөрдүк.3-Көчмөндөр Оюнуна катыштык. Кыргызстан дүйнө маданиятына айландыра алган бул оюндарды, буюрса, 2020-жылы биздин өлкөдө өткөрөбүз.Бул өлкөгө болгон сапарыбыз эки тараптуу байланышты өнүктүрөт деген ойдомун. Аягында меймандос пейили менен бизди коноктогон КР президенти Жээнбековго жана боордош кыргыз элине ыраазычылыгымды билдиргим келет”, — деген пикирин калтырган түрк президенти.

Түркиянын канайымыЭмине Эрдоганболсо твиттердеги баракчасына Кыргызстандан алган таасирлерин жылуу маанайда жазды:

“Бир туугандай болгон Кыргыз өлкөсү бизди аябай сый мамиле менен тосуп алышты. Андан соң, достугубузду чыңдоо үчүн курулган Кыргыз-Түрк Достук ооруканасын зыярат кылдык. Заманбап техникалык каражаттар менен камсыздалган бул оорукана кыргыз эли үчүн кызмат кылат деп ишенем. Кыргызстан Улуттук китепканасында Ч.Айтматов атындагы Кыргыз-Түрк маданий борборун ачтык. Анда ТИКА тарабынан берилген 5 миңден ашык түрк адабий чыгармаларын табууга болот. Ачылуу аземинде улуу жазуучу Ч.Айтматовдун карындашы жана уулу менен тааныштык. Айтматовду Туркияда да жакшы билишерин, чыгармаларын сыйлашарын айтып, жазуучуну эскерип өттүк.Тоо этегиндеги Кырчын жайлоосунда көчмөндөрдүн жашоо маданиятына күбө болдук. Кыргызстандан сонун маанайда, жылуу элестер менен кайттык”, — дейт Эмине айым.

Булак: NazarNews.kg

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу