Түркияда «Гүленге байланышы бар» миңден ашык киши кармалды

26-апрелде Түркияда диний ишмер Фетхуллах Гүленге байланышы бар деген шек менен миңден ашык киши кармалып, тогуз миңге жакын полициячы жумуштан алынды.

Мамлекеттик Anadolu агенттигинин билдиришинче, шаршембиде түрк полициясы өлкөнүн бардык аймактарында рейддерди өткөрүп, жыйынтыгында 1120дан ашык киши кармалды. Бул бийликтин былтыр жайындагы ишке ашпай калган аскерий төңкөрүш аракетин уюштурууга айыпталып жаткан кыймылга каршы өткөргөн акыркы айлардагы эң ири операциясы болуп калды.

Агенттиктин маалыматы боюнча операцияга сегиз жарым миңден ашык полиция кызматкери катышты. Рейдден соң 9103 полициячы убактылуу жумуштан алынды. Бийлик алардын Гүлендин кыймылына байланышы бар-жогун териштирет.

Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу бул рейддерди — Гүлен кыймылын «кулатуу» боюнча максаттарга жетишүүдөгү маанилүү кадам деп атады. Кармалган шектүүлөр өз жактоочуларынын полицияга жумушка киришине жардам берип келген «жашыруун имамдар» болушкан деп болжолдонууда.

Сойлунун айтымында, «полицияга кирген» адамдар «альтернативдүү түзүм түзүү» аркылуу аны ичинен башкарууга аракет кылышкан. Гүлен Түркиядагы аскерлердин катышуусундагы төңкөрүш аракетине эч кандай тиешеси жок экенин билдирип келет.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу