Түркияда байлык топтогон Алмазбек Атамбаев саясатка АКЧА үчүн кайтып келүүдө…

Алмазбек Атамбаев чоң саясатка кайрадан кайрылып келүүдө. Бул тууралуу акыркы күндөрдө Кыргызстандын прессасы көп жазууда. Республиканын мурдагы президентин 31-мартта өтө турган бийлик партиясы КСДПнын Төрагасы кылып шайлоолору мүмкүн. Буга байланыштуу биз окурмандарга мурдагы президенттин өмүр таржымалынан айрым кызыктуу фактыларды эске салып коюуну чечтик. Коомчулук алдында азыраак же таптакыр айтылбагандарын. Саясатчыны жетишээрлик ачык-айкын мүнөздөй тургандарын.

Ошентип Алмазбек Атамбаев президенттик кызматтагы алты жылдыгынан кийин мекендештеринде эч кандай жакшы нерселер менен ассоциацияланбайт. Талкаланган экономика, рекорддук деңгээлде өскөн мамлекеттик карыз, ишке ашпаган реформалардын долбоору, коңшулар менен бузулган мамилелер жана көз каранды кылуучу шарттарда Кытайдан алган көптөгөн өздөштүрүүлөр – экс-президент мына ушуларды өзүнөн кийин калтырды. Анын өзн мындай мурас эч кандай оңтойсуз кылбайт. Кыязы, ал чоң саясатка кайрадан кайтып, башкаруучу партияны жетектеп жана албетте перспективасында премьер-министрдин креслосун ээлөөнү чечсе керек.

Булганып калган репутациясына жана электорат арасында нөлдү көрсөткөн деңгээлине карабастан Атамбаевдин саясатка эмнеге кайтып келүү муктаждыгы болгонун түшүнүү үчүн экс-президенттин саясый жолунун башталышы боюнча айтканыбыз туура болчудай. Болгондо да өзгөчө анын – түрк баракчасынан айтуу керек.

Түркияга Алмазбек Атамбаевдин ар дайым өзгөчө мамилеси болгон, муну биз баарыбыз байкаганбыз. Муну Атамбаевдин бийликке келгенинен тарта эки өлкөнүн жогорку кызматтык жактарынын сапарларынын тездиги менен байкасак болот. Эң кеминде жылына бир нече жолу болгон. Атамбаев өзүнүн биринчи чет өлкөлүк сапарын Москвага же Вашингтонго эмес, Анкарага жасаган Кыргызстандын биринчи президенти болгон. Алмазбек Атамбаев ошондо парламентте: «Кыргызстан Түркиядан алыс жайгашкан, бирок ар бир кыргыз – кыргыздар үчүн Түркия жол көрсөткүч экенин билет», — деген. Болгондо да муну ал түрк тилинде айткан.

Атамбаевдин келиши менен түрк компаниялары кеңири фронт менен кыргыз рыногуна киришти. Жолдорду жана турак-жайларды куруу, соода-сатык сферасы, билим берүү жана маданият. Расмий Бишкек түрк бизнесин түрдүү жеңилдиктер менен камсыздап турду. Анкара дагы мурда Россия үстөмдүк кылып келген сфераларга активдүү катыша баштады: гидроэнергетика жана тоо-кен тармагы, анын ичинде алтын кен жайларын иштетүүгө дагы.

Түркияга жана анын жетекчилигине карата мындай өзгөчө мамилени Атамбаев президенттик мөөнөтүнүн убагынла өзүнүн кадимки манерасы менен мамлекет бийлиги менен урушуп кеткенге чейин көрсөттү. Бул башка тарых, мен башка нерсени айткым келет, Алмазбек Шапршеновичтин узак убакыт бою түрк жээгине өзгөчө мамиле жасап келгенине эмне негиз болгон? Ал үчүн баарынан жакын жана кымбат – акча менен негизделген.

Кыргызстандын айрым саясий жана коомдук ишмерлеринин айтымында Атамбаев мурдатан эле Түркияда жеке бизнесин ийгиликтүү жүргүзүп келет. Ал жактагы бизнесинин өнүгүшү анын саясый карьерасын да камсыздаган. Ал өзү да бир убакта Аскар Акаевдин башкаруу жылдарында Түркияда жашап жана ал жакта бизнес кылганын моюнга алган. Бирок, Атамбаевдин сөзү боюнча, ал мекенине кайтып келгенден кийин ал бизнести саткан. 2003-жылы. Мына ушул келишим анын оппоненттери, анын ичинде жетишээрлик белгилүү оппозиционер, «Ата-Мекен» партиясынын лидери бир нече жолу билдирген анын счетундагы миллиондогон долларлардын бар болушун камсыздаганын да айткан. Ө. Текебаев бул миллиондор Атамбаевде мыйзамсыз пайда болгонун айтып жана аны жөнөкөй арифметика менен түшүндүрүп берген. Келишимдеги түрк лирасы менен айтылган сумма жана анын 2003-жылдагы курс боюнча эсептелиши ондогон эсе азыраак болгон. Атамбаев андан миллиондогон доллар таба алган эмес. Анда анын счетунда миллиондогон долларлар кайдан пайда болгон – тарых унчукпай турат.

Белгилей кетейин, жогоруда Атамбаевдин кыргыз банктарынын счетунда гана сактаган акчалары тууралуу кеп жүрдү. Мурдагы президенттин Түркиянын өзүндө, 2016-жылы лицензиясынан ажыраган мамлекеттеги ири банктардын бири болгон «BankAsya» банкында да миллиондогон долларлары болгон. Мына ушул институт аркылуу өкмөткө каршы иштеген «Хизмет» коомдук-диний уюмунун ишмердүүлүгүн финансылоо болуп атканы билинген. Азыр банктын бардык счеттору тоңдурулган.

Бул фактыга түйшөлгөн Атамбаев өзүнүн акчаларын ошол эле 2016-жылы кайтарып алууга аракет жасаган. Жадакалса ал жеке өзү Түркияга Реджеп Тайип Эрдоган менен жолугушуу үчүн учуп барган. Бирок, ал Кыргызстанда «Хизметтин» качкын функционерлерин калкалоочу менен сүйлөшүү жүргүзүүгө ниети жок экендигин айтып, жолугушуудан баш тарткан. Ошондон бери саясатчылар жолугуша элек жана Атамбаевдин капиталынын тагдыры белгисиз. Ошентсе да анын уулунда Түркиянын Кемериндеги өтө жасалгалуу, белгилүү «MederResort» отелинин 70% үлүшү дагы деле бар.

Атамбаевди Түркиянын экономикасына салым кошкон ири инвестор деп атаса болот. Миллиондогон доллар турган отель жана түрк банктарындагы миллиондогон долларлар. Бул Алмазбек Атамбаев 2003-жылы анын айтымында 45 миллиард түрк лирасына өз бизнесин сатканынан тышкары. 15 жыл мурунку курс боюнча бул 30 миң доллардан ашпайт. Анда миллиондор кайдан? – буга жоопту өз алдынча ой жүгүртүп көрүүңүздү сунуштайм.

Мен болгону өзүм тараптан жогоруда берилген суроого жооп берем. Атамбаев эмнеге саясатка кайрылып келип атат? Ал башынан эмне үчүн келсе, дагы деле ошон үчүн келүүдө. Акча үчүн!

Булак: golosbishkeka.com сайты.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу