Түркиядагы кыргыз жарандарынын пенсия маселеси талкууланууда

Түркияда иштеген кыргыз жарандарынын пенсия маселеси талкууланууда. Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин жыйынында кыргыз жана түрк өкмөттөрүнүн ортосунда социалдык камсыздоо жөнүндөгү макулдашуунун долбоору каралды.

Социалдык фонддун төрагасы Теңизбек Абжапаровдун айтымында, келишимдин негизги максаты – Кыргызстан менен Түркияда иштеген жарандар пенсия курагына келгенде алардын эмгек стажын пропорционалдуу эсептөө.

Расмий маалыматка караганда, учурда кыргызстандык жарандардын 14 миңге жакыны Түркияда легалдуу шартта иштеп жатышат. Ал эми Кыргызстанда иштеген түрк жарандарынын саны 5 миңден ашат.

Түркияда 25 жыл үзгүлтүксүз стажга ээ болгон эркектерге 60 жашынан, аялдарга 20 жылдык стаж үчүн 58 жашка жеткенде пенсия чегерилет. Алардын орточо пенсиясы 350 долларды түзөт.

Бул өлкөдө иштеп жаткан 14 миң кыргызстандык мигранттын 20% пенсия курагындагылар.

Социалдык фонддун маалыматына караганда, Түштүк Кореяда иштеген мигранттар да стажы боюнча пенсиялык топтомдорун кайтарып алууга укуктуу. Ал эми Евразия экономикалык биримдикке кирген мамлекеттер арасында Орусия боюнча талаш маселелер бар. Чет жакта иштеп жүргөн кыргызстандыктардын эң көбү Орусияда. (RK)

Булак: azattyk.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу