Түркияга алданып барган сузактык кыз сексуалдык кулчулукка кабылып, 3 айдан ашык иштеген

Сузак районунун тургуну Түркияга алданып барып, сексуалдык кулчулукка кабылып, 3 ай 15 күн иштеп келген. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин өкүлү Ширин Расулов облуста «Адам сатууга каршы 100 күн» акциясынын жүрүшү боюнча өткөн маалымат жыйында билдирди.
Ал 2013-2014-2015-жылдары болгон адам сатуу фактыларын мисалга келтирди.
Анын айтымында, сексуалдык кулчулукка кабылган кыз — Сузак районуна караштуу Орток айылынын 1987-жылы туулган тургуну Т.Н. Ал 2014-жылы Жалал-Абад шаарындагы кафелердин биринде официант болуп иштеп жүргөн. Жумуш күндөрүнүн биринде бейтааныш эки аял кызга Кореяга барып иштөөгө жардам беришерин, маянасы жогору жумуш даяр экенин айтып, аны көндүрүшкөн. Макул болгон кызды аялдар Кореяга эмес, Түркияга учуруп жиберишкен. Ал жерден кызды Алтынай деген аял тосуп алган.
«Түркиядан тосуп алган аял: «сени 10 миң долларга сатып алдым, мага иштеп бересиң» деп айткан. Ал алданып барган жерде сексуалдык кулчулукка кабылып, 3 ай 15 күн иштеген. Иштеген жеринен качып чыгып, элчиликке кайрылып, Кыргызстанга кайтарылган. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, бирок тергөө убактылуу токтотулган. Алданган кыз аны саткан аялдардын аты-жөнү боюнча маалыматы жок болууда. Экинчиден кулчулукка кабылып иштеген жерин да толук айта алган эмес», — деп билдирди Жалал-Абад ОИИБдин өкүлү.
Анын маалымдоосунда, 2015-жылдын биринчи жарым жылында Ала-Бука районунун Ак-Коргон айылынын тургуну өз уулун Баястан айылынын тургунуна 23 миң сомго сатып жиберген. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, сотко өткөн.
Анын белгилөөсүндө, акыркы эки жылдан бери адам сатуу фактысы катталган жок.
«Мектептерде, ар кандай жыйындарда түрдүү азгырыктарга азгырылбоого чакырыктар ташталып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Түшүндүрүүлөрдүн да таасири болду окшойт. Учурда адам сатууга каршы өтүп жаткан маалыматтык кампаниянын да өз таасири бар», — деп кошумчалады ал.
«Адам сатууга каршы 100 күн» акциясы боюнча өткөн маалымат жыйында ыйгарымдуу өкүлдүн орун басары Ырысбек Ызабеков маалыматтык кампнаниянын эстафетасын Баткен облусунан алышканын, акциянын алкагында адам сатууга каршы күрөшүү багытында түрдүү иш-чаралар, жыйындар жүрүп жатканын маалымдады.
Маалыматтык кампания облуста 18-сентябрга чейин уланып, башка облуска берилет. Бул саамалыктын алкагында жогорку окуу жайларда да иш-чаралар өткөрүлөт. Адам сатууга каршы күрөшүү багытында иш жүргүзгөн «Аймира» коомдук фонду да биргеликте иштеп жатат.

Булак: turmush.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу