Түнкү көпөлөктөргө барган эркектер жазаланат

Тажикстандын Башкы прокуратурасы интим кызматын көрсөткөн кыз-келиндерге барган эркектерди жазалоо сунушу менен чыкты. Административдик кодекске сунушталып жаткан бул өзгөртүү парламентте 2018-жылдын башында каралат.бул тууралуу Азаттык
радиосу жазды.

Тажикстандын Башкы прокуратурасынын башкармалык башчысы Фаррух Рауфов жаңы мыйзамда “түнкү көпөлөктөргө” караганда аларга
барган эркектердин “жазасы катуураак” болорун эскертүүдө:

– Эгер талап болсо, анда сунуш да болот эмеспи. Шапар тепкен эркектер канчалык аз болсо, ага ылайык, өз денесин саткан аялдар да аз болот. Мыйзамга өзгөртүү киргизүү долбоору парламентке кийинки жылдын башында киргизилет. Анын максаты – сойкулукту азайтуу жана коомду адеп-ахлак жактан тарбиялоо. Мыйзамда “акча төлөп сүйүүнүн” ышкыбоздоруна айыппул салуу жана административдик камоолор каралат. Социолог Марьям Давлатованын белгилешинче, ал мындай демилге менен он жылдай мурда
чыгып, атайын макала да жазган. Давлатова аялдардын сойкулукка барганына эркектерди айыптуу деп санайт:

– Биз бул абалды дайыма бир жактуу гана баалап келебиз. Аялдарды айыптап, ошол эле кезде талап болбосо, сунуш да болмок эместигин эске албайбыз. “Акча берип сүйүү” базары өнүгүп жатканынын бир канча себеби бар, бирок бул жерде кандай гана алба ага эркектер күнөөлүү. Анткени аялдарды бул ишке барууга аргасыз кылгандар да эркектер, алардын кызматынан пайдалангандар да эркектер.
Жаңы сунуш боюнча тажикстандык эркектер эки жаатка бөлүндү. Айрымдары Башкы прокуратуранын демилгесин колдосо, башкалары муну бийлик жана “айрым аялдар” өз кызыкчылыгына пайдаланат деп санашат.

Атын атагысы келбеген тажик эркектеринин бири “албетте, эркектерге тыюу салуу коомдун кызыкчылыгындагы иш. Бирок интим кызматын көрсөтүү базарына көп жылдардан бери талап күчтүү. Жаңы өзгөртүүлөр ал талаптын азайышына таасир эте алары күмөн” деп белгиледи.

Акыркы жылдары Тажикстандын бийликтери коммерциялык секске тартылган аялдар көбөйгөнүнө бушайман. ИИМдин маалыматы боюнча былтыр интим кызматын көрсөткөн эки миңдей аял бар экени аныкталган.

Бирок 2015-жылдын май айында Глобалдык фонд Тажикстанда 14 миң сойку иштерин демографиялык жана медициналык изилдөөлөрдөн кийин аныктаган. Тажикстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги бул маалыматты тастыктаган эмес. 2015-жылы тажик парламенти мыйзамдарга өзгөртүү киргизип, сойкулук менен алектенген кыз- келиндерге айыппул салууну колдошкон. Бирок өлкөнүн мыйзамдары боюнча сойкулук кылмыш деп саналбайт.

Булак: fakt.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу