Түнкүсүн уктай албай жатат. Жантөрө Сатыбалдиевдин абактагы абалы айтылды

Экс-премьер жүрөгүнөн жабыркагандыктан ден соолугу начарлай түшкөн.

Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү УКМКнын тергөө абагында кармалып турган мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин ал-абалын сурап келди. Бул тууралуу Акыйкатчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, институттун өкүлдөрү Сатыбалдиевдин адвокатынын өтүнүчүнүн негизинде тергөө абагына барган.

«Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү буга чейин дагы экс-премьерди барып көргөн. Ошондо Сатыбалдиев 2013-жылы анын жүрөгүнө операция жасалып, маал-маалы менен текшерүүдөн өтүп, дарыланып жатканын билдирген. Ал ошондой эле дарыгерлер ага көп басууну жана текшерүүдөн өтүп турууну айтышканын белгилеген. Ал эми камакка алынгандан кийин анын абалы начарлап Тез жардам кызматын чакырган учурлар болгон. Сатыбалдиев оорудан улам түнкүсүн уктай албай жатат», — деп айтылат маалыматта.

Бул боюнча Акыйкатчынын аппараты тергөө абагынын жетекчилигине расмий кат жөнөтүп, УКМК өкүлдөрү менен жолугушуу өткөргөн. УКМК жетекчилиги өз учурунда Сатыбалдиев жакын арада комплекстик текшерүүдөн өтөрүн маалымдашкан.

Жантөрө Сатыбалдиев 18-июнь күнү Бишкек ТЭЦине байланыштуу иш боюнча кармалган. Ал Кылмыш жаза кодексинин 30-беренесинин 6-бөлүгү (кылмышка шериктеш болуу) жана 303-берененин 1-бөлүгү (коррупция) боюнча айыпталууда. Сатыбалдиев учурда УКМКнын тергөө абагында.

Булак: Спутник 

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу