Түндө Данияр Абдыкаровдун үйүнө кимдер ызы-чуу салды?

Аз күн мурда ИИМдин экс-орун басары Данияр Абдыкаровдун үйүнө белгисиз бирөөлөр түн ичиңде барышып, дарбазасын тепкилешип, чуу салганы каңкууланды. Үйдүн жарыгы өчүп-жанып атса, а көчөдөгү бакылдак шаарды жаңыртыптыр.

«Данияр, чык эшикке, эркекче сүйлөшөбүз!» дешип. Генерал Абдыкаров да сабырдуу экен, милиция чакырбай, аягына чейин дымып отурганбы, айтор, ач айкырык, куу сүрөөн салгандар акырында өздөрү эле тарап кетишкенин айтышууда. Биздин баамыбызда, криминалдык элементтер мындай ызы-чуу кылып барышпаса керек.

Сыягы, «үйрөнгөн жоо атышарга жакшы» дегендей, мурдатан Даниярга өчөшүп жургөн курсташтары эле чаң салган го?.. Биз алардын кимдер экенин тактап атабыз…

Булак: «Азия Ньюс»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу