Түндүк-Түштүк жолу Европадагы жолдордон кымбатка курулуп атабы?

Акыркы убактарда Атамбаевдин пиарчылары Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолун Кыргызстандын эгемен тарыхындагы эбегейсиз ири долбоор, кылымдын курулушу атаган маалыматтык кампанияны башташты. Алар тараткан тасмадагы маалыматтарга ишенсек, Кыргызстандын жаңы тарыхында мындай грандиоздук курулуш болгон эмес экен. Албетте, муну жөн гана ооз көптүрүү, өздөрүн алдын ала актоо, экс-президентти жактоо аракеттери катары баалабасак, мурда болуп көрбөгөндөй жетишкендик деп эсептөөгө дегеле ооз барбайт. Эмне үчүн? Анткени, Түндүк-Түштүк альтернативдик жолу бюджеттик акчага, же кайтарымсыз алынган гранттык каражатка эмес, Кытайдан алынган 850 млн. долларга салынууда. Бул кредитти кайра үстөгү менен 1 млрд. доллардан ашык кылып кайтарып беришибиз керек. Жолду куруу менен өлкөбүз кошумча 1 млрд. доллар тышкы карызга батып олтурат. Жол алынган кредитти актай турган рентабелдүүлүгү жогору өндүрүш объектиси, завод же фабрика эмес. Демек, кредиттен эл, сиз менен биз салыктардын эсебинен ондогон жылдар бою төлөөгө аргасызбыз. Анан кайдагы чоң эрдик да, ири жетишкендик? Ошондой эле экс-президентке тиешелүү маалымат каражаттары альтернативдүү жолдун арзанга курулуп, алынган кредит максаттуу жумшалып жатканына басым жасашууда. А түгүл жолду курууда коррупциялык көрүнүштөр орун албаганына ишендиргилери келишүүдө. Чын эле ошондойбу? Ага албетте, жоопту текшерүү, иликтөө иштери берер. Биз мында аталган жол реалдуу баадан кымбатка курулуп жатканына токтолсок. Калыкбек Султанов транспорт жана жол министри болуп турганда, альтернативдүү жолдун 1 чакырымынын баасы 1 млн. 300 миң АКШ доллары болорун айткан. Бүгүнкү күндө бул сумманын баасы жогорулап, түндүк менен түштүктү бириктирчү жолдун 1 чакырымынын баасы дээрлик 3 млн. долларга жетиптир. Чын эле мындай жолдор ушул баага курулабы? Же коррупциялык көрүнүштөрдөн улам баасы жогорулатылганбы? Дүйнөлүк практикада 1 чакырым жолду салууга канча каражат жумшалат? Алыс барбай Казакстан менен Россиядагы жолдорду куруунун бааларын карап көрөлү. Алсак, Казакстандын инвестиция жана өнүктүрүү министрлигинин авто жолдор Комитетинин төрагасы Мерек Пшембаевдин айтканына ишенсек, Казакстанда 1 чакырым жолдун баасы 500 миңден 2 млн. долларга чейин жетет экен. Ал эми Россиянын Федералдык жол агенттиги берген маалымат боюнча, өлкөдөгү жолдордун 1 чакырымынын баалары категорияларына жараша бааланат. Мисалы, 2015-жылы 1-категориядагы жолдун 1 чакырымы 992 537 долларга, 2-категориядагы жолдун 1 чакырымы 726 000 АКШ долларына бааланган. Россия жергесиндеги жолдор саздак, нымдуулугу жогору жерлерге салына турганын, курулуш материалдары Кытайга салыштырмалуу кымбаттыгын, ошондуктан чыгымдар кыйла жогору болорун эске алсак, Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолдун 1 чакырымы 3 млн. доллардын башын чапчып атканы өтө эле шектенүүлөрдү пайда кылат. Бир канча көпүрөлөр, туннель курулуп, тоо-таштарды жардыруу аркылуу салынып жаткан күндө да 3 млн. доллар 1 чакырым үчүн көп эмеспи? Бул эмнени билдирет? Альтернативдүү жолдун курулушунда чоң коррупциялых схема жатабы? Эгерде Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолдун баасын Россия, Казакстандагы баа менен эсептеп, 1 чакырымын 2 млн. доллар дей турган болсок, анда Кытайдан алынган кредиттин үчтөн бири оң, сол чөнтөктөргө түшүп кеткен болобу? Жолду курууда Бишкек ЖЭБиндегидей эле масштабдуу коррупциялык схеманы ишке ашыруу максаты болгон эмеспи? Долбоорду жактыруу, изилдеп, тактоо иштеринин тездик менен бүткөрүлүп, иштин шыр башталуусу да ушундай ойлорго түртпөй койбойт. Анын үстүнө мында да кредит Кытайдан алынып, долбоорду кытайлык компания ишке ашырып жатпайбы! Төмөнкү таблицада башка өлкөлөрдөгү жолдордун 1 чакырымынын баалары АКШ доллары менен көрсөтүлгөн. Жада калса максималдуу баалар да 3 млн. долларга жетпей турганын көрүүгө болот. АКШ менен Канадада дагы биздегиден арзан баага салынат тура. Калганын өзүңүз эсептеп-чоттоп, жыйынтык чыгарып алсаңыз болот, кымбаттуу окурман! Мамлекет 1 чакырым жолдун баасы (АКШ доллары менен) Орто баа Минималдуу баа Максималдуу баа 1 Германия 1,8 млн. 1,2 млн. 2,4 млн. 2 Франция 1,5 млн. 1,1 млн. 2,6 млн. 3 Канада 1,2 млн. 970 000 2,8 млн. 4 АКШ 1,1 млн. 296 000 2,5 млн. 5 Испания 736 000 435 000 1,1 млн. 6 Россия 612 000 455 000 1 млн. 7 Финляндия 605 000 328 000 985 000 8 Кытай 522 000 337 000 1,3 млн.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу