Жогорку Кеӊештин Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча комитети КР Өкмөтү менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы Түндүк – Түштүк альтернативдүү автожолунун курулушун каржылоо боюнча насыялык келишимди жактырды.
Транспорт жана жолдор министрлигинин өкүлү Азимкан Жусубалиевдин айтымында, Түндүк – Түштүк альтернативдүү автожолундагы 24 чакырым жолдун курулушун каржылоо максатында, Сауд өнүктүрүү фондунан 20 млн доллар өлчөмүндө жеӊилдетилген насыя алынууда. Насыяны төлөө мөөнөтү – 25 жыл, пайыздык үстөгү – 1 пайыз. Бул участок 2-категориядагы жол болуп саналат.
Булак: Каганат