Түндүк-Түштүк альтернативдүү унаа жолуна А.Атамбаевдин ысымын берүү сунушталды

Депутат Кубанычбек Жумалиев («Бир Бол») Түндүк — Түштүк альтернативдүү жолуна мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ысымын берүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 5-декабрда Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин көчмө отурумунда билдирди.

Отурумда Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов аталган унаа жолдун 5 өзгөчөлүгүн айтып берди.

«Биринчиси — оор кесип өтүүчү жерди бириктириши жана ал экинчи техникалык категория боюнча курулуп жатат. Экинчиден, желдетүү жана өрт өчүрүү системасы менен заманбап туннель курулууда. Өрт учурунда ал жерге унаа кирет жана өрт өчүрүү системасы ысык сууну кармайт. Үчүнчүдөн Кыргызстанда алгачкы жолу курулуп жаткан 1,5 чакырымга созулган эстакадалык көпүрө. Төртүнчүдөн ал жерде биринчи жолу асфальт бетон колдонулуп жатат. Бешинчиден октук оордукту 11,5 тоннага чейин көтөрүлдү», — деди министр.

Булак: turmush.kg

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу