ТҮНДҮК КОРЕЯ АМЕРИКАГА СОГУШ АЧАБЫ?

Түндүк Кореянын лидеринин буйругуна ылайык, өлкө борбору Пхеньяндан 25% калкы чыгып кетүүсү керек.

Муну өлкө өкмөтү демографиялык көрсөткүчкө байланыштырып жатышат, бирок бул АКШ менен болгон мамилелердин курчугандыгына жана чыныгы согуштун болору күтүлүп жатканынан кабар берет. Бул тууралуу орусиялык маалымат булактары жазып чыгышты.

Түндүк Кореяда калктын качып кетүүсүнө ыңгайлашкан жер алдындагы өтмөктөр бар экендиги баарына белгилүү. Пентагондогу SuperStation95 булактары учурда Пхеньяндагы бомбадан жашынуучу жерлерге борбордогу калктын баары батпай турганын билдирген. Алардын саны 2,6 миллион. Ошентип 600 000 миң жаран Түндүк Кореянын аскердик пландоосуна ылайык борбордон кетишет.

Борбордон кайсы бир убакта мыйзам бузган, түрмөгө отуруп чыккан, өлкөдө тыюу салынган Түштүк Кореянын тасмаларын көргөндөр жана аталган өлкөдө тууганы барлар чыгарылмакчы.

Булак: Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу