Түндүк Ирландиялык сүрөтчү Ричард Ватсон Кыргызстанга дагы кайтып келүүнү чечти

Ричард Ватсон —Түндүк Ирландиялык сүрөтчү. Ал өзүнүн сүйлөшкөн кызы менен Кыргызстанга 10-июлда учуп келген. Баса, сүйлөшкөн кызы кыргызстандык. Анын тарткан сүрөттөрү социалдык түйүндөрдө тез арада жайылып кетти.

Сүрөтчүнүн айтымында, ал Кыргызстанда болгону 25 күн болду. Анын жактырган кызы жайында өз мекенине кайтчу. Мындан улам, Ричард дагы Кыргызстанга барууну эңсеп жүргөн. Мында келип жаратылыштын кооздугуна суктанганын айтат. Келечек пландарында кайрадан кайтып келүү бар.

— Кыргызстанда сизди эмнелери менен таң калтырды?

— Мен жаратылышы таң калтырса керек деп ойлогом, чындыгында эле абдан таасир калтырды. Мындагы жергиликтүү калктын меймандостугуна баа бердим. Тоолуу райондорду кыдырып жүргөндө бейтааныш эле кишилер боз үйгө чакырып, кымыз беришти.

— Бишкек менен сиздин туулуп өскөн мекениңиздин окшоштуктары бар бекен?

— Жол жээктеринде өскөн бак-дарактар, жашыл айлана, бозомук тарткан советтик имараттар… Бишкек-улуу шаар, бирок менин мекенимден айырмаланып турат. Мен кичи мекениме барганымда курчап турган тоолордун жетишпегендигин байкадым. Кыргызстанда тоолор көп. Мага эски турак үйлөр жакты, азыр дагы сагынып жатам.

— Бишкекте эң жакшы көргөн жайыңыз?

— Панфилов эс алуу жайы.

— Сизге улуттук тамак-аш жактыбы?

— Чынын айтсам мага улуттук тамак-аш жакты. Мага плов, боорсок, шишкебек, хошан жакты. Ал эми кымыздын даамы жаккан жок.

Булак: 24.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу