ТҮЛЕЕВ ТЕКЕБАЕВДИ КОЛДОП ЖАТКАНЫН, КЕРЕК БОЛСО БАБАНОВДУ ДА КОЛДОРУН БИЛДИРДИ

Экс-депутат Нариман Түлеев интернеттеги баракчасы аркылуу аны колдогондорго ыраазычылык билдирип, ошол эле учурда ал Өмүрбек Текебаевди дагы колдоп жатканын кошумчалады.

“Достор, мени колдоп келгениңиздерге чоң ырахмат. Тилекке каршы, биздин өлкөдө таарынычтарынын жана көйгөйлөрүнүн баарын башкалардын моюнуна “илип” койгондор көп болууда. Мен тиги же бул саясатчынын тарапташтарынын комментарийлерин көрүп жатам, бирок мен Текебаевди колдоп жатканымды, колумдан келишинче анын туугандарына жардам берип жатканымды ачык эле айтам. Мен мындан коркпойм жана фейк аккаунттун артына жашынбайм. Мен өзүм дагы бул жолдон өттүм, мындай абалды эч кимге каалабайм. Эгерде Бабанов кыйынчылыкка туш болсо адамдык сапатым менен ага жана жакындарына жардам берем. Мен андан коркпойм”,-деп жазат Түлеев.

Ошондой эле Нариман Түлеевди бийликке келгиси келип жатат дегендерге жооп жазды.

“2011-жылы мен бийликте болгом. Атамбаев КСДПдан транспорт министри жана вице-премьер-министр болууну сунуштаган, бирок мен баш тартып койгом, буга Бабанов күбө. Бийликке келүү менин максатым эмес, бийлик мага кубаныч тартуулабайт жана киреше булагы эмес. Бийлик мен үчүн биринчи кезекте элге кызмат кылуу жана өлкөнү өнүктүрүүгө салым кошуу. Бишкектин жашоочулары шаарды өзгөртүү үчүн менин командам кандай иштерди жасаганын унута элек, анын баарын айтып берүүнүн кажети жок. Баары элдин эсинде”,-деп жазат Түлеев.

Аны менен катар эле Түлеев келечекте саясатка кайтышы мүмкүн экенин дагы жашырган эмес.

“Бирок саясатка эл үчүн кызмат кылууга жана өлкөгө пайда алып келүү үчүн гана келем. Биз сиздер менен бирге күчтүү экономикасы бар, адилеттүү өлкө курабыз жана бул кыска убакытта болот. Азыр болсо мен эс алып жатам. Жашоо кыска. Азырынча убактымды үй-бүлөмө, жакындарыма арнап жатам, саякаттоо менен бирге башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын үйрөнүүдөмүн. Жаңы долбоорлордун үстүнөн иштеп жатам, алар тууралуу жакында билесиңер. Менин үй-бүлөм жоготкон активдерге кайгырбайм, себеби алар жакында 200% кайтарына ишенем, адилеттүүлүк орноп, баары кайтат, ал эми күнөөлүүлөр жазасын алат”,-деди ал.

Булак: Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу