Түлеев кылмышка шектелүүдө…

Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеев жана мэриянын айрым кызматкерлери жер мыйзамдарды бузууга шектелип жатышат.

Башкы прокуратура Түлеев жана мэриянын башка кызматкерлери кызмат абалынан пайдаланып, пайда көрүү максатында Түлеевге байланышы бар адамдарга жер тилкелерин мыйзамсыз беришкенин изилдөөдө.

Бул фактыны Октябрь райондук прокуратурасы Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен каттады.

Кеп Бишкектеги Ала-Арча-3 шаарчасындагы 650 чарчы метр тууралуу болууда.

Бийликти жактап, Атамбаевди бок-оп жан айласы кетип жатканы эми белгилүү болду. Канчалык кошомат кылса дагы эми чимкириги чубалмай болду окшойт.

БУЛАК: Фабула

Аргумент.kg
Жооп калтыруу