Түлеев ит талагандай абалда калды

Коррупцияга айыпталып камалып, үй мүлкү конфискацияланып, 11 жылга эркинен ажыратылып, бирок мамлекетке 60 миллион сом айып төлөп кутулган Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеев жакында эле экс-президент Алмазбек атамбаев менен Москва шаарына чогуу учкан самолёттогу жылмайган сүрөтүн жарыялап, коомчулукта кызуу талкуу жаратты. Буга дейре Атамбаев менен жада калса туалетке да барбай турганын жар салган түлеевдин бул жоругун көпчүлүк принциби жок «сойкулук» катары кабылдашты. КТРКнын башкы директору Илим карыпбеков Бишкектин мурдагы мэри Нариман түлеевдин экс-президент Алмазбек Атамбаев менен бирге түшкөн сүрөтүнө байланыштуу: «Оозуңду жалжайтып тармактын баарына бул сүрөттү эмнеге жаясың, эгерде бул адамды жаман көрсөң? Болбосо азыр ушундай болуп калганбы жаныңдагы адам кандай болсо да жалжая күлүп сүрөткө түшө бермей?», — деп сынга алды. Социалдык тармактарда Түлеевди ит талагандай кылышты.

Булак: «Ачык саясат» 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу