ТҮЛЕЕВ: «Атамбаев ыйлактап менден 100 миң доллар карызга алган, бербей жүрөт»

Мэр болуп турган кезинде Кытайдын арзан автобустарын асмандын башындагы баа менен сатып алганы ачыкталып темир тор артына түшкөн Нариман Түлеев деген неме бар. Эркиндикке чыкканы делбектеп, ооз көптүргөн сөздөрдү айтып калыптыр. Кечээ жакында бир тойдо отуруп саясаттан саймедиреп, президент Алмазбек Атамбаевди “байкушка” теңеп күбүрөнүптүр. Анын мындай кебин ошол тойго келген коноктордун 20-30у угуптур. Канкор Бакиевди “аталаган” эргул: “Кезинде Атамбаев ыйлактап менден 100 миң доллар карыз сурап келген, бербей жүрөт. Кайсыл арына миллионермин деп жатат. Бийликтен кетерине аз калды жашап алсынчы, андан кийин өзүм жекече сүйлөшүп алам”,- деп ооз көптүрүптүр. Мамлекетке келтирген зыяндын ордун толтурууга 60 млн сомдой айып пул төлөп, бир нече соода борборлору улатташтырылганына ичи ачышкан байкуштан башка сөз чыкпаса керек. Бирок анчалык сөздөрдү айтканга жараша күбүрөнүп көрүнгөн жерде катын ушакка салбай, эркек болгон соң бетке айтса жарашмак.

Булак: Эгемен.кж

Аргумент.kg
Жооп калтыруу