Түлеевге таандык «Караван» соода борбору мамлекеттин карамагына өттү

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусу ижарачыларга келишимди кайрадан түзүү же имаратты бошотуу зарылдыгын расмий түрдө кабарлаган.
Бишкектеги «Караван» соода борбору мамлекеттин карамагына алынганын Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусунан билдиришти.

Андан сырткары, Үмөталиев менен Токтогул көчөлөрүндөгү киши жашабаган жайлар да мамлекеттин эсебине алынган.

Мындай кадамдар Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун 2013-жылдын 29-июнундагы жана 2014-жылдын 23-декабрындагы Бишкек шаардык сотунун жана Жогорку соттун 2015-жылдын 30-ноябрындагы чечимдеринин негизинде жасалууда.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусу ижарачыларга келишимди кайрадан түзүү же имаратты бошотуу зарылдыгын расмий түрдө кабарлаган. Жакын арада фонд ижара келишимдерин кайрадан түзүү аракеттерин баштайт. Эгер андан баш тарткан ижарачылар болсо алар ээлеген жерин бошотуп, орду мыйзам чегинде башкаларга берилерин эскертүүдө.

Белгилей кетсек, буга чейин Нариман Түлеевге таандык Sapat Center борбору дагы мамлекеттин карамагына алынган.

Булак: sputnik.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу