Түгөлбай Казаков кызматтан кетип, жоопко тартылабы?

Биздин өлкөдө динчилдер менен көзү ачыктар көбөйүп, мамлекеттик саясатка чейин аралаша баштаганы аяк салууда. Анын толгон-токой далилдери бар, биз азыр бирөөсүн айтсак, тарых музейинин казынасында баалуу экспонат катары сакталып келген мумияны көмдүргөнү болду. Караңгы түшүнүккө чулганган адамдар менен ааламды айткан «антенасы» барлардын ишеними боюнча ошол сөөктүн айынан өлкөдө кырсыктар көбөйгөн имиш. Ал далилдерге андан катуу ишенип, Кудайдан келген маалымат катары көргөн Маданият министри Түгөлбай Казаков көпчүлүк археолог жана илимпоздордун каршы чыкканына карабай мумияны Баткенге алып барып көмдүрүү буйругун бериптир. Ал жакында ишке ашты, эми кырсыктар азайганын көрөбүз го. Бул бир дейли, экинчиси, аталган чечим өтө калпыс болгонун мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев баса белгилеп, «Мумияны көмүү чечими туура эмес, жоопко тартылгандар болот» – деди. Эми буйруктары элди иренжитип жаткан министр Түгөлбай Казаков кызматынан кол жууп, жазага тартылбайбы?

Булак: “Де-Факто”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу