“Түбөлүк” талапкер Турсунбай Бакир уулу бул сапар да четте калбайт

Экс-депутат Турсунбай Бакир уулу парламентте көйгөйлүү маселелерди алып
чыкканынан башка дагы бир өзгөчөлүгү менен эл эсинде калган. Ал – президенттикке
талапкер болуудан “рекорд” койгондугу.

Турсунбай Бакир уулу 1995-жылдан бери ар бир президенттик шайлоодо өзүн сынап
келатат. Бул сапар да баруудан баш тартпай турганын маалымат каражаттарына
билдирген.

Айтымында, анын талапкерлигин “ЭрК” партиясы көрсөтүү чечимин былтыр кабыл алган.
Бирок, ал үчүн шайлоодо жеңиш башкы маселе эмес. “Кыргызда чуркагандыкы эмес,
буйругандыкы”- деген экс-депутат, президенттик тактысы күсөбөсө, анда эмнеге чоң
жарышка аттанып атканын ачыктай алган жок. Бирок, анын башкы жарышка чыгуусуна
Сооронбай Жээнбековдун аттанып калганы да себеп болсок керек. Анткен себеби, Тукең
мусулмандардын баарын “өз электораты” катары кабыл алат. А бирок, Сокенин иниси,
экс-спикер Асылбек Жээнбеков акыркы кезде бул электоратты өздөрүнө иймерүү үчүн ат
көтөргүс иш жасаган. Ошондон улам, кыялындагы электоратын тарттырып жибербөө
күйүтүнөн улам Туке президенттикке аттанып, бийликтин талапкерине каршы иштейби?

Булак: “Майдан”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу