Тянь-Шандын акими Черикбаев кантип «ап» этүүдө?

Жегичтер «илибой» жерде болот экен. «Эбин тапкан эки жейт» дегендей эптүүлөрдүн заманында жашоо оңой эмес. Бирок жашаш керек деп эле абийир, уят дегенди жыйышты-рып салган болбойт да. Айталы, редакциябызга Нарын районунун акими Семетей Черикбаевдин ишмердүүлүгү боюнча узун сабак кат келип тушту Мазмунун окусаңыз бир эсе ишенбей да кетесиз. Катты толугу менен жаза турган болсок, гезит бети чак келчүдөн эмес, андыктан кыскача мазмунуна токтололу. Баса, эгер аким мырза кааласа, катты окуп кетсе да болот. Кат маңызы боюнча төмөндөгүчө, Семетей Черикбаев алгач Ак-Талаа районуна аким болуп, кийин Нарын районуна которулуп келген. Акимдикке чейин ишкерлик менен алектенген, тагыраагы, оңдоп-түзөөчү, имарат куруучу фирмасы болгон. Аким болгондон кийин ал фирманы иниси Руслан Черикбаевге каттаткан, бирок иш жүзүндө өзү эле башкарып келет. Ал эми мурун Ак-Талаа району боюнча оңдолгон, курулган имараттардын баарын ушул Черикбаевдерге тиешелүү фирмалар гана ишке ашырып келсе, азыр Нарын району боюнча оңдоло турган имараттарды ушул Черикбаевдердин фирмасы ишке ашырат экен. Көрсөө кызмат абалына таянган аким Семетей Черикбаев бардык тендерди мыйзам бузуу, тааныштыгын салуу, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жолдору менен өз фирмасына «тартып» алып тураары айтылат катта. Бир чындыкты айта кетели, мейли уста утсун, эгер колунан келип атса дегендей. Бирок ал фирма ишти кандай сапатта аткарды, бул башка маселе да. Кат авторлору так ушул жаатта маселе козгошкон. Черикбаев үн катабы? Чындыктын бет пардасын сыйрып койбойсузбу, атына заты жарашпаган Семетей мырза!

БУЛАК:Мантыш

Аргумент.kg
Жооп калтыруу