ТЭЦ модернизациясындагы коррупция боюнча дагы кимдер камалат?

«Эбепке себеп» деп бекеринен айтылбайт тура. Эгерде кыштын кыраан чилдесинде Бишкек ТЭЦинде авария болуп кетпегенде, аны модернизациялоодо ири коррупция «көмүлүп» жатканы ачыкка чыгат беле, чыкпайт беле, ким билет. Кыязы, улам эле бийлик төбөлдөрүнө алданып, сырттан алынган кредиттерди үлкөн чиновниктерге жедиртип жиберип, ал карыздардын баарын мойнуна илип отуруп калып келген карапайым элибизди Кудай да аяп кетти көрүнөт.
Натыйжада бул иш боюнча бүгүнкү күнгө чейин 10 адам камакка алынды. Алардын арасында Алмазбек Атамбаевдин «оң колу», кытайлык ТВЕА компаниясынын кызыкчылыгын коргогон С. Исаков да бар. Ошол убакта энергетика министри кызматын аркалаган О. Артыкбаев да камалды. «Улуттук энергохолдингдин» мурдагы башчысы А. Калиевдин камакта жатканына бир топ болуп калды. Бишкектин мурдагы мэри К. Кулматов да 5-июнда камакка алынды.
Бирок, мына ушул 10 адам менен эле ТЭЦтеги коррупция боюнча камакка алуулар токтоп калбайт. Себеби, модернизациялоо боюнча келишимдин документтерине жалпысынан 44 адам кол койгону буга чейин маалым болгон.
Эми дагы алдыда ТЭЦти модернизациялоо боюнча Кытайдын Эксимбанкы менен кредиттик келишимди түзүүгө барган ошол убактагы өкмөт башчы Ж. Сатыбалдиевдин да тагдыры жардын кырында.
Ошол жылдары энергетика министрлигин калчап турушкан – А. Шадиев, А. Калманбетов, К. Турдубаевдер да жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн. Эң башкысы эч кандай техникалык-экономикалык негиздемеси жок эле модернизациялоого жол берген ошол кездеги мамлекет башчысы А. Атамбаевдин да жоопкерчилиги каралууга тийиш.
Айтор, бул жааттагы камакка алынышы күтүлгөн фигуралар али көп. Азырынча күтө туруу гана керек.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу