ТЭЦ боюнча эми Атамбаев жоопкерчиликке тартылышы керекби?

Бишкек ТЭЦин модернизациялоодогу жойлоп кеткен ири коррупция боюнча бүгүнкү күнгө чейин 10 адам кармалды. Алардын арасында «үлкөндөр» — мурдагы премьер-министр С. Исаков, борбор калаанын мурдагы мэри К. Кулматов, мурдагы энергетика министри О. Артыкбаев, Улуттук энергохолдингдин мурдагы башчысы А. Калиев, «Электрдик станциялар» ААКнын мурдагы директору С. Авазовдор да бар.

Бул камакка алуулар башталашы гана деп туралы. Себеби, ТЭЦти модернизациялоо боюнча келишимдин документтерине баш-аягы 44 адам кол койгону буга чейин маалым болгон. Парламенттеги депутаттык комиссиянын корутундусун талкулоодогу айтылган пикирлерди жакшылап анализдей турган болсок, анда бул иштин башында экс-президент А. Атамбаев өзү турганын түшүнүүгө болот.

Ошол эле убакта эске сала турган дагы бир жагдай бар. ТЭЦ модернизациялангандан кийин анын ачылышында А. Атамбаев өзү да келип, «Биз бул ТЭЦтин ар бир бурамасынан бери алмаштырдык. Кредит албаш керек дегендер да чыкты. Ошону айткандар эл душмандары» деп опурулуп сүйлөгөнүн унута элекпиз. Эми болсо, ошол модернизациялоодо кредитке келген 386 млн доллар туура эмес пайдаланылганы ачыкка чыгып атат. Ошондо «кредит албаш керек» деген эл душманы болсо, ал келген кредитти бөлүп алгандар кимдер болуп калат?

Экинчиден, ТЭЦ боюнча «оң колу» баштап камакка алынып жатса дагы А. Атамбаевден таптакыр үн чыкпай келет. Кудум кумга башын сайып алгандай. Муну өзү ал дагы өз күнөөсүн сезип аткандыгы катары түшүнө берсек болобу? Же дагы кандай жалганды айтып, коомчулуктун башын айлантсам экен деген план менен алиги «ачуу суудан» татып коюп жатабы?

Коомчулуктун учурдагы талабы – эгерде ТЭЦти модернизациялоодогу коррупцияга А. Атамбаевдин да тиешеси бар экени далилденсе, анда аны экс-президент статусунан ажыратып, кылмыш жоопкерчилигине тартуу болууда. Кыргызстанда карапайым жарандардан тарта президентке чейин бирдей укукта болушу керектигин АША убагында өзү да айтып жүрчү.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу