“ТЭЦти модернизациялоодо чечимди Алмазбек Атамбаев менен Сапар Исаков кабыл алышкан”, — Равшан Жээнбеков

Саясатчы Равшан Жээнбеков Бишкек ТЭЦин модернизациялоодогу чечимдер президенттин деңгээлинде кабыл алынганын айтат. Ошол себептен аткаруучуларды камоо туура эмес деп эсептейт.

“ТЭЦти модернизациялоо маселесин президент чечкен. Министрлердин ал жерде катышы жок, маселе алардан өйдө жактан чечилген. Иерархия боюнча мындай маселени президент менен премьер-министр чечет – саясаттагы чечим кабыл алуу механизми ошондой. Министр деген жөн гана аткаруучу, аны күнөөлөө акылсыздык болуп калат. Мисалы, кезинде “Кумтор” боюнча мени күнөөлөшкөн. Бирок, “Кумтөрдү” мен чече албайм да, аны президент менен премьер чечет. Президенттин тегерегинде көзгө көрүнбөгөн адамдары бар, маселени ошолор чечет. Анан тапшырманы төмөндө турган министрлерге ыргытышат. Алар корконунан унчукпай жасай беришет. Анан министрлер күнөөлүү болуп чыга келишет. Ошондуктан, бул жерде Осмонбек Артыкбаевди күнөөлөгөн туура эмес”, — дейт Равшан Жээнбеков.

Экс-депутат ТЭЦ чырындагы чыныгы күнөөлүүнү табуу зарыл экенин белгилейт. Башкы чечимди президент менен анын тегерегиндеги ишенимдүү адамдар кабыл алышканын айтат.

“Чыныгы чечим кабыл алган адам ким? Министрлерди аткартып аткан адам ким? Артыкбаев министр катары модернизация маселесин чече алган эмес. Ал кезде чечимдер президенттин аппаратында гана кабыл алынчу. Министрлер менен чиновниктердин каршы болуу укугу жок болчу. Атамбаев мындайга чыдачу эмес. Президенттин аппаратына каршы пикир айтуу түшүнүгү да жок эле. Министр эле эмес, премьерлер менен парламент да эч нерсе кыла албачу. Атамбаев менен Сапар чечип, Бишкек ТЭЦи боюнча келишимди кабыл алууга парламентти түздөн-түз мажбурлаган. Эмнеге алар үчүн Артыкбаев жооп бериши керек?” – деп таң калат саясатчы.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу