ТЭЦтин каражатын майкандаган Сапар Исаков Тарых музейинин ремонтунан дагы 13 млн доллар уурдаганбы?

0 комментарий Тарых музейин оңдоодо бери дегенде 13 миллион доллар уурдалган деген пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев көчмө жыйын учурунда билдирген. Анын айтмында, депутаттар Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшү кызматы жана Башкы прокуратурага тапшырма берип, алар бир айдын ичинде жыйынтык чыгармай болушкан.

«Өзүңүздөр көрдүңүздөр, бул жерде коррупция бар экенинен шек жок. Түркиялык компания ичин 14 миллион долларга баалап, бекер бүтүрөбүз деген. Сыртын 4 миллион доллар, ичин 10 миллион доллар менен бүтүрүшмөк. Сыртын бүтүргөндөн кийин ичин жасатпай туруп биздин аткаминерлер келишимди жокко чыгарышат. Анан өзүбүздүн акчага курабыз деп 23 миллион доллар жумшашкан. Эми караңыздар, болжолдуу сумма менен алганда эле 13 миллион доллар уурдалганы көрүнүп турбайбы?!» — деди Иманалиев.

Ошондой эле ал Маданият, маалымат жана туризм министрлигин имаратынын алдында жайгашкан Баялы Исакеев, Абдыкерим Сыдыков, Жусуп Абдрахмановдун бюсттарынын ар бири 4500 долларга эле жасалганын айтып, музейдеги аттардын статуясы 14 миң евродон алынганына таң калды.

«Ал ат эмес эле эшекке окшоп турат. Аны кыргыздарга берсе деле жасап коймок. Музейдин кызматкерлери «мунун кереги жок болчу, буга окшош өзүбүздүн муляж аттарыбыз бар эле» деп жатышат», — деди депутат. Ошондой эле ал түркиялык компания музейди 2016-жылы толугу менен бүткөрүп бермей болгонун кошумчалады.

Тарых музейин оңдоп-түзөөнүн башында Сапар Исаков турган. Муну жакында маалымат каражаттарынын бирине берген маегинде да тастыктаган. Демек, бери дегенде 13 млн. доллар акчаны Сапардан сураш керек.

Сапар Исаков ТЭЦти эле майкандабай, Музейди дагы «шыпырып» кеткен тура. Аны СИЗОдо жакшылап сураса, уурдалган акчаларды ким менен бөүлшкөнүн сайрап берсе керек…

Аргумент.kg
Жооп калтыруу