Тышкы иштер министрлигине талапкер катары эки дипломаттын аты аталууда

Тышкы иштер министрлигине талапкер катары эки дипломаттын аты аталууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жамангулов ММКлардын бирине берген маегинде билдирди.

Анда ал Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Болот Отунбаев менен президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыковдун атын атады.

Кошумчалай кетсек, Эрлан Абдылдаев 12-октябрь күнү Тышкы иштер министрлик кызматынан өз арызынын негизинде алынган.

Булак: «Мантыш» 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу