Тырмак эмне себептен сынат?

1. Генетика

Тырмактын сынып калуусунун бир себеби тукум куушу мүмкүн.

2. Витаминдердин жетишпестиги

В жана Д витамини жетишпесе да тырмак сынгыч болот. Муну алдын алуу үчүн быштак, балык, авокадо жеш керек.

3. Микроэлементтердин жетишпестиги

Микроэлементтер тырмактын саламатта болушу үчүн өтө маанилүү. Темир менен кальцийдин жетишпестигинен тырмак сынгыч болуп калат. Мындай учурда кунжут, ашкабак жеп туруңуз. Ошондой эле, сүт азыктары менен жаңгак да пайдалуу.

4. Тамак-аш сиңирүү системасынын бузулушу
Тамак-ашты сиңирүү системасы начар иштеген адамдардын да тырмактары сына берет. Ден-соолукка көңүл бөлүү кажет.

5. Химиялык суюктук 
Кир жуучу, идиш жууган химиялык суюктуктар да тырмактарга жагымсыз таасир берет. Ошондуктан мындай заттарды болушунча аз колдонууга аракет кылыңыз.

6. Оору
Псориаз, грибок, экзема сыяктуу тери оорулары да тырмакты сынгыч кылат.

7. Химия терапиянын таасири
Зыяндуу шишикке чалдыккан кезде жүргүзүлгөн химиятерапиянын таасири чач менен тырмакты сынгыч кылат.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу