Тырмакка кандай кам көрүү керек?

Тырмагыңыз бат-баттан сынып жатабы? Анда сизге А,С витаминдери жардамга келет. Ал үчүн А витаминин бир күндө бир капсуладан он күн. Кийин С витминин дагы он күн ичүү керек. Ичүү убактсы үч ай. Мындай эксперименттен кийин сизде дароо тырмагыңыз калыңдап калгандыгын байкай аласыз.

Витаминдер тууралуу айта кетсек

Мисалга, А витамини тырмактын жакшы өсүүсүн камсыздайт.

Е витмини дагы белокту жакшы сиңирүүгө жана тырмактын жакшы өсүүсүнө жардамы чоң. Адистер йод дагы тырмакка абдан пайдалуу экендигин эскертет. Ошондой эле убагында организмди бекемдеп кальций ичип туруу, тырмактын бекем болушуна шарт түзөт.

Маникюрду эки аптада бир ирет жасап турган оң

Сиз колдонгон косметикалык каражатыңыздын сапатына көңүл бөлүңүз. Анын курамында ацетон болбогону жакшы. Анткени дал ошол ацетон тырмакты кургатып жиберет. Тырмакты ар күнү лак менен боёп жургөн туура эмес. Себеби, тырмак дагы эс алууга муктаж. Адистер тырмакка беш күн лак коюп, калган эки күн өчүрүп, эс алдырууну сунуштайт.

Эгерде тырмагыңыз саргайып кеткен болсо, сизге лимон жардамга келет. Ал үчүн лимонду сыгып алып, анын согун тырмакка сүртүш керек.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу